Ош шаарынын күнүн майрамдоо башталды
Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата шаардын “Жеңиш” сейил багында “Ош шаарынын көз ирмемдери” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, анда фото галлерея уюштурулуп, шаардын күнүмдүк турмушун, кооз жерлерин, ар кандай кесип ээлеринин образдарын чагылдырылган лайт-бокстар сейил бакка орнотулду. Сүрөт галлереясы менен шаар мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган расмий өкүлдөр, шаар тургундары жана студенттер таанышты.
Андан соң, шаар жаштарынын “Сүйүктүү Ош шаарым” аттуу акциясы болду. Акциянын жүрүшүндө, шаардын, чет өлкөнүн студенттери Ош шаарын даңазалап ырдап, кыргыз бийин бийлешти. Алыскы Индиядан, Пакистандан келген студенттер кара жорго, жалындуу кыргыз бийин бийлешсе, башка улуттун студенттери кыргызча манас айтышып, патриоттук ырларды ырдашты.
Калаа башчысы А.Кадырбаев, Ош шаарынын жаштары өздөрүнүн ынтымактыгы, достугу, биримдүүлүгү жана активдүүлүгү менен башка аймактын жаштарынан өзгөчөлөнүп тургандыгын белгилеп, бардык жаштарды шаарды, мамлекетибизди сүйүүгө, патриоттуулукка дагы бир жолу үндөдү.
Айта кетсек, жаштардын шаар күнүн майрамдоосу, кечинде дискокече менен уланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13