KELECHEK
rek

Шаар мэри дүйнөнү багындырган ардагер чемпионду кабыл алды

Шаар мэри дүйнөнү багындырган ардагер чемпионду кабыл алды

Кечээ, 3-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеште күмүш байгеге ээ болгон Калмат Камчыбековду кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, калаа башчысы спортчуну жеңиши менен куттуктап, бул жетишкендик жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин билдирди.

“Ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта, жаш курагыңызга карабай күмүш байгени багындырып, жалпы кыргыз элине кубаныч тартууладыңыз. Бул жетишкендик жаш спортчуларга чоң ишенич жана үлгү болду. Мындан ары да спортту таштабай, кийинки дүйнөлүк мелдештерде алтын байгени багындырышыңызга биз терең ишенебиз”-деди А.Кадырбаев.

Шаар мэри спортчуну жеңиши менен куттуктап түстүү телевизор белек ылды.

Өз кезегинде спортчу шаар башчысынын жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирип, мелештин жүрүшү боюнча ой бөлүштү.

“Күмүш байгени утуп алуу оңойго турган жок. Учурда 66 жаштамын. Спортту таштайын деген ниетим азырынча жок. Машыгууларды улантып, кийинки дүйнөлүк мелдештерге катышам. Шаарыбыздын, өлкөбүздүн намысын чет жерлерде коргоо мен үчүн чоң сыймык”,- деди К.Камчыбеков.

Эске салсак, Калмат Камчыбеков 23-25- сентябрь күндөрү Финляндияда ардагерлер арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгени ээлеген. Ал 130 килограмм салмакка чейинки, 66-70 жаштагы спортчулар арасында күч сынашкан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20