KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы дүлөйлөр жана азиздер коомунун ишканасы 8 млн. 600 миң сомдук буюртмаларды аткарды

Жалал-Абаддагы дүлөйлөр жана азиздер коомунун ишканасы 8 млн. 600 миң сомдук буюртмаларды аткарды

Жалал-Абад шаарындагы дүлөйлөр жана азиздер коомунун алдыдагы ишкананын эмгек жамааты 8 миллион 600 миң сомдук буюртмаларды аткарганга жетишти. Бул жыл башында пландалган көлөмдөн кыйла көптүк кылат. Бул тууралуу депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков шаардык ишканаларды кыдыруу мезгилинде билдирди.

Анын айтымында, бул ишкана жууркан-төшөнчүлөрдү, шейшеп-матрастарды даярдаганга ыңгайлаштырылган жана продукциянын сапаты мыкты. Товардык продукциянын өтүмдүүлүгүнөн улам быйылкы жылы пландалган 6 миллион сомдук буйрутманын ордуна бүгүнкү күндө ишкана 8 миллион 600 миң сомдук буйрутманы аткарып койду. Мындан тышкары, Өкмөт тарабынан памирлик кыргыздарга буюртма катары берилген 600 даана матрастарды да ишкананын жамааты даярдап коюшту.

- Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген 30 адам иштейт. Ийгиликтери менен бирге ишканада көйгөйлөр да бар. Алар - заманбап тигүү машиналардын жетишсиздиги.  Биздеги техника маселеси чечилип калса, ишканабыздын өндүрүмдүүлүгү дагы да жогоруламак, - дейт ишкананын жетекчиси Үсен Печелов.

Төрага Э. Ормоков шаардын жергиликтүү бийликтери бул ишкананын муктаждыктарын чечип бергенге аракет кылышарын билдирди.

- Биздеги 8 ири ишканалар шаарыбыздын бюджетинин 50 пайызын беришет. Бул ишканалардын тынымсыз мыкты иштеп турушу биз үчүн маанилүү. Ошондуктан да биз ишканалардын акыбалы менен жеринде таанышып, алардын азыркы абалын үйрөнүүгө кызыгып жатабыз, Бүгүн ири ишканаларды кыдырдык, алардын акыбалы менен толук тааныштык, - дейт ал.   ​

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин төрагасы Жалал-Абаддагы өндүрүштүк ишканаларды кыдырып, алардагы акыбал менен кеңири таанышты жана алардын муктаждыктарын чечүү боюнча пикир алышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38