ФСБ укук коргоочу Бахром Хамроевди кармады
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 29-сентябрь эртең менен “Мемориал” укук коргоо борборунун активисти, “Жардам” уюмунун жетекчиси Бахром Хамроевди өз үйүнөн кармап кетти. Бул туурасында анын жубайы билдирди.
«Мемориал» жана «Жарандык көмөктөшүү» уюмдары атайын кызматтан Хамроевдин кармалышынын себептерин ачыкка чыгарууну талап кылышууда. Бүгүн эртең менен болсо ФСБ укук коргоочуну бошоткону белгилүү болду. Бирок Москвадагы булактар кабарлагандай, Орусиянын атайын кызматы Хамроевдин жеке компьютерин, адабий китептерин жана башка документтерин кайтарып бере элек.
“Жарандык көмөктөшүү” уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкинанын айтымында, Бахром Хамроевди эмне себептен кармашканы али белгисиз.
– ФСБ кызматкерлери тинтүүнүн себептерин түшүндүрүшкөн жок. Алар андан: “Эмне үчүн сиз “Хизб-ут-Тахрирдин” кызыкчылыгын коргойсуз?” деп сурашкан. Ал мага ушуну айтып берип атканда эле биздин телефондук сүйлөшүүбүз үзгүлтүккө учурап калды. Ага байланышууга аракет кылганым менен жыйынтык чыккан жок , –деди Светлана Ганнушкина.
Бахром Хамроев Орусияда укук коргоочулук иш менен 1992-жылдан бери алектенет. Акыркы мезгилдерде ал ислам радикализми жана башка диний мүнөздөгү кылмыштарга айыпталган адамдардын укугун коргоо менен алектенген. Мындан тышкары ал Орусияга Борбор Азиядан келген эмгек мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүдө кол кабыш кылчу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









