Жалал-Абад шаарында карыяларга сый-урмат көрсөтүлдү
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги Карылардын эл аралык күнүнө карата шаардагы “Салкын” эс алуу жайында 124 карыяга майрамдык сый тамак берип, концерттик программа уюштуруу менен аларга сый-урмат көрсөттү.
Шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоковдун айтымында, шаар бийликтери улгайган адамдардын жашоо шартын, алардын кушубак маанайын жогорулатуу үчүн ар кандай аракеттерди көрүп келе жатышат.
- Шаардагы 70-90 жаштагы жалпы эки жүз адам бул сый-тамакка чакырылган болсо, бүгүн алардын 124ү катышып отурат. Ал эми кечээ шаардык бийликтин бир катар өкүлдөрү улгайып, үйүнөн чыга албай калган 76 карыянын үйлөрүнө барып, аларга арналган белектерин берип куттуктап келишкен. Жалпысынан бул иш-чараларды өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом акча каражаты каралган дейт,- ал.
Ал эми майрамдык сый-тамакка катышкан шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиевдин айтымында, Жалал-Абад шаарында учурда сегиз миң улгайган адам болсо, алардын арасынан 70 жаштан 90 жашка чейинки улгайган карыяларды бүгүнкү майрамга келип отурушат.
Шаардын аксакал карыялары ушундай камкордук көрүп, көңүл улаган шаар бийликтерине ыраазылык билдирп, ак баталарын беришти.
Эске салсак, Жалал-Абад шардык мэриясы тарабынан улгайган адамдарга көңүл буруу максатында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык акция жүрүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13