KELECHEK
rek

Ош шаарын кечинде булгагандар айыпка жыгылды

Ош шаарын кечинде булгагандар айыпка жыгылды

“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси баш болгон кызматкерлер, Ош шаарынын вице-мэри жана жана тартип сакчылары менен биргеликте кечинде атайын рейд уюштурду. Рейддин алкагында жол боюна таштанды төгүп, шаарды булгагандар кармалды. Алар негизинен жер үйлөрдүн тургундары. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Жер үйлөр үчүн атайын сигнал ыкмасында машина келип, үйлөрдүн жанына таштанды чогултуп кетет. Бирок, аны күтпөстөн айрымдар чоң жолдун боюна мүшөктөргө, баштыктарга салынган акыр-чикирлерди алып чыгып ташташат. Шаардын борбордук көчөлөрү тазаланган боюнча турганы менен айрым жерлеринде турган таштандылар шаардын көркүн эле кетирбестен, калаа жашоочуларына да жагымсыз жагдайды жаратат. Жолго жакын турган үйлөрдүн жашоочулары болсо башкаларга шылтап кутулат. Мындан улам, биз тартип сакчылары, мэрия өкүлдөрү менен бирге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Таштанды төккөндөр боюнча протокол түзүлүп, шаардык мэриянын алдындагы административдик комиссияга жөнөтүлдү”-, деди мекеме жетекчиси Талант Капаров. 

“Үч саатка созулган түнкү рейдде мүмкүн эмес жерге акыр-чикирлерди төгүп жаткан жараандар аныкталып, алардын алтоо администртивдик айыпка жыгылды. Ош-Тазалык ишканасынын жетекчиси кошумчалагандай шаардын тазалыгы үчүн мындай рейддер ай сайын өткөрүлүп турат”, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18