KELECHEK
rek

БШК референдумду өткөрүүгө даяр экенин билдирди

БШК референдумду өткөрүүгө даяр экенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 29-сентябрда парламентте билдирди. Анын айтуусунда, боршайкомго референдум өткөрүүгө талап кылынган бардык каражат-жабдыктар берилген.

Ушундай эле маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев да депутаттарга билдирди. Ал шайлоочулар идентификациялык номери аркылуу добуш берерин, референдум өткөрүүгө талап кылынган бардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов референдум өткөрүүгө 317 млн сом зарыл экенин билдирип, буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн 235 млн сом каралганын маалымдады. Эгер референдум жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөрүлсө, ага болгону 134 млн сом гана керек болоорун айтты.

Жогорку Кеңеш “Референдумду дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Ал буга чейин тармактык комитеттин кароосунан өтүп, экинчи окууда кабыл алынган. Долбоордо референдумду өткөрүү 4-декабрда белгиленген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12