Өзбекстан профсоюз федерациясы: Пахта теримге ар ким өз каалоосу менен чыгууга укуктуу
Өзбекстандын ар бир жараны пахта теримге өз каалоосу менен чыгууга укуктуу. Бул тууралуу калкка социалдык жана эмгек укуктарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүктүн жүрүшүндө өлкөнүн Кесиптик кошуундар федерациясы билдирди.
Ошондой эле маалыматта жарандар татыктуу эмгек шарттарына жана каалаган учурда пахта теримге катышуудан баш тартуу укуктарына ээ экени айтылган.
Өзбекстандын мыйзамы жарандарды мажбурлап иштетүүгө жана балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салат. Маалыматтык өнөктүктүн алкагында, өлкөнүн бардык аймактарында мажбурлап иштетүү менен балдар эмгегин пайдаланууга жол бербөө керектиги жазылган жарнак такталар илинген.
Андан сырткары министрликтердин, тиешелүү мекемелердин жана коомдук уюмдардын кызматкерлерин окутуу үчүн усулдук материалдар иштелип чыккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









