Жалал-Абадда карыяларга азык-түлүк баштыкчалары таркатылды
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери Эл аралык карыялар күнүнө карата башталган бир айлык акциянын алкагында шаардагы карыяларга азык-түлүк баштыкчаларын таркатышты. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.
Анын айтымында, шаар мэриясы 15-сентябрдан 15-октябрга чейин карыяларга көңүл буруунун бир айлыгын жарыялаган. Ушул бир айлык акциянын алкагында шаар мэриясынын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков баштаган шаардык ишканалардын жетекчилери шаардагы карыяларга азык-түлүк баштыкчаларын таркатышты.
- Баары болуп үйүнөн сыртка чыга албаган 76 карыяларыбыздын кабар алдык, аларды келе жаткан эл аралык майрамы менен куттуктап, азык-түлүк баштыктарын тапшырдык. Алар, албетте, буга кубанышып, ыраазылыктарын билдиришти. Биз муну менен эле чектелип калган жокпуз. Бардык ишканаларда, жамааттарда бир айлык акция боюнча иш-чаралар пландары белгиленген, ошол боюнча иштер жүрүп жатат, - дейт Т. Темирбаев.
Эске сала кетсек, эртең жергиликтүү бийликтер Жалал-Абад шаарындагы 124 карыяга сый тамак берип, кеңири программадагы концерт тартуулашат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13