Жалал-Абадда “Карыялар күнүнө” карата ардагерлер кеңешинин кубогу үчүн спорттук мелдештер уюштурулат
Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги ШРИИБнүн Ардагерлер кеңешинин төрагалары, кадрлар жана кесиптик даярдык боюнча орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, жыйында 2 маселе каралды. Биринчиси ардагерлердин жаш кызматкерлер менен насаатчылык иштерин жандандыруу, экинчи маселе ИИМнин карыялар күнүн өткөзүү боюнча буйругун татыктуу өткөрүү жана аны менен катар бир топ маселелер болду. ШРИИБнүн орун басарларына дагы да ардагерлер менен болгон тыгыз кызматташуу, алардын коомдогу кадыр-баркын жогорулатуу жана шарттарды түзүп берүү жагы башкармалыктын жетекчилиги тарабынан милдеттендирилди.
Ардагерлердин насаатчылык жумуштары жаш кызматкерлер үчүн өтө маанилүү экендиги, жаштарды тарбиялоодо, кылмыштуулукту алдын алууда алардын мол тажрыйбасына милициянын катарын жаңы толуктаган кызматкер муктаж экендигине токтолуп кетти. Ошондой эле ардагерлердин коомдогу ордун жогорулатуу максатында иш чаралар белгиленди. Мисалы: Карыялар күнүнө карата Ардагерлер кеңешинин кубогуна спорттук мелдештерди уюштуруу.
Жалал-Абад ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаковдун билдирүүсүндө, быйыл жылдагыдан өзгөчө ардагерлер үчүн камкордуктар көрүлгөнүн баса белгиледи. Алсак, жылына Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына 24 жолдомо берилсе, быйыл ИИМ тарабынан 64 жеңилдетилген жолдомо берилди. Кошумча, ОИИБнын жетекчилигинин колдоосу менен Арстанбаптагы “Келечек” эс алуу лагерине 25 ардагер жаш жеткинчектерге насаатчы болуу менен бирге акысыз эс алып келишти жана “Көчмөндөр-2016” бүткүл дүйнөлүк оюндарына автоунаа уюштурулуп коомдук иштерге активдүү катышкан 6 ардагер барып келди. ИИМдин ардагерлери үчүн өздүк медициналык кызмат жыл сайын медициналык кароодон өз жеринде өткөзүп ден-соолугуна көңүл бурулууда.
Эске салсак, Жалал-Абад облусу боюнча каттодо турган 650 чукул ардагер бар. Алардын арасынан насаатчы болуп буйрук менен бекитилген-192, Аксакалдар соту-25, КАБга(Коомдук алдын алуу борбору) бекитилген-97, мектептерге бекитилген-137, айыл-шаардык депутаттардын катарын толуктаган 8 ардагер бар. Мындан сырткары, ИИМдин ардагерлери кылмыштуулуктун бетин ачуугаа да өз салымдарын кошуп келүүдө.
ИИМдин ардагерлери ыраазычылыгын билдирүү менен бирге, коомдук коопсуздукту сактоодо, элибиздин тынчтыгы үчүн мамлекетибизде кандай гана кырдаал болбосун ар дайым милиция кызматкерлерин колдоп, алар менен бирге болоорун ишендирип кетишти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13