Вашингтон Сирия үчүн Орусияга каршы санкцияларын кеңейтиши мүмкүн
Москванын Сириядагы аракеттерине байланыштуу АКШ Орусияга карата кошумча экономикалык санкцияларды киргизүү ыктымалдуулугун четке какпайт. Бул тууралуу Акүйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Каржылык санкциялар өз кызыкчылыктарыбызды коргоп калууда натыйжалуу инструмент экенин көрсөттү. Башкача айтканда биз күн тартибинен жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдуулугун алып таштаган жокпуз "-деди ал. Жош Эрнест учурда Сириядагы абал курчуганын, Асаддын армиясы менен орусиялык аскерлердин соккулары көбөйгөнүн кошумчалады.
Буга чейин, 25-сентябрда БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура Алеппого бочка бомбалары, күйүүчү ок-дарылар жана бетон талкалоочу бомбалар ыргытылганын кабарлаган.
Стаффан де Мистуранын айтымында, өткөн жумада Сирия алты жылдык согуштан берки эң кандуу күндөрдү башынан кечирди. Ал Орусия менен АКШга кайрылып, ок атышпоо боюнча келишимдерин сактап калууга үндөдү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









