KELECHEK
rek

Жалал-Абадда мугалимдер күнүнө карата даярдыктар көрүлүп жатат

Жалал-Абадда мугалимдер күнүнө карата даярдыктар көрүлүп жатат

Жалал-Абад шаарында шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдер күнүнө карата даярдыктар көрүлүп жатат. Мугалимдердин кесиптик майрамы зор салтанатта жана кеңири аншлаг менен өтмөкчү. Бул тууралу шаардык билим берүү башкармалыгынын профсоюз комитетинин төрайымы Зулфия Тургунбаева билдирди.

Анын айтымында, бул майрамга карата шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 65 миң сом акча каражаты каралган.

- Бул майрамга шаардык билим берүү башкармалыгы Барпы атындагы драма театрында чоң салтанатта майрам өткөрмөкчү. Бул салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун өкүлдөрү да катышат. Майрамда мыкты эмгектенген мугалимдерге жергиликтүү бийликтердин, шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак баракчалар, төш белгилер, балуу сыйлыктар тапшырылат. Андан соң, мугалимдерге концерттик программа тартууланат, - дейт ал.

Эскерте кетсек, жергиликтүү бийликтер мугалимдерге коммуналдык төлөмдөр үчүн колдоо иретинде ай сайын 300 сомдон, жылына бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктап 2 миң сомдон таркатып келет. Ал эми жыл сайын өткөрүлүүчү “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык катары 130 миң сом каражат берилет.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  10:32