
Кочкор-Ата шаарында милициянын аймактык пунктунун курулушу башталды

Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын Луговая участкасында милициянын аймактык пункту менен фельшердик-акушердик пунктунун курулушу башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, курулуштун алгачкы пайдубалын курууга Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков, шаар мэри К. Эгембердиев, Ноокен РИИБнүн башчысы Н. Өсөров, ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Исаков жана жергиликтүү тургундар катышты.
Курулуштун башталышында Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков жыш жашаган калк арасында кылмыштуулукту алдын алууда, элдин коопсуздугун, тынчтыгын, бейпилдигин сактоодо жана бейтап жарандардын, кары-картаң ата-энелердин саламаттыгын алдын алууга милиция жана ак халатчан кызматкерлери биргелешип эл менен иштешүүгө жакшы шарт түзүлөрүн айтып өттү.
Мындагы ашар жолу менен башталып жаткан курулуш иштин башталышына алгач жетекчилер фундаментин түптөлүшүнө өздөрү биринчилерден болуп капсуласын коюшуп, ишти баштап беришти.
Ал эми шаар мэринин айтысуу боюнча, имаратты куруу үчүн мэрия тарабынан 1 млн 900 сом бөлүнгөн жана тендер жарыяланып, ага 3 фирма катышып, жыйынтыгында “Асуэнда” ЖЧКу фирмасы утуп алган. Ал эми имарат толугу менен 2 айда бүтөт.
Ушундай жакшы саамалыкта жүрүп жаткан курулуш иштерине ыраазы болгон аймактык тургундар, аксакалдар курулуп жаткан имаратка салым кошкон жетекчилерге жана курулушчуларга иштерине ийгилик, күч кубат, талыкпас эмгек каалап, ак батасын беришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41