KELECHEK
rek

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жеке чыгармачылык концертин элге тартуулашты

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жеке чыгармачылык концертин элге тартуулашты

Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда "Асыл-Ай" ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коому жана "Бек-Ата капитал инвест" жоопкердиги чектелген коому уюштурган "Тал чыбык минип ойногон, балалык доорун сүрбөдүм" деп аталган концерт болуп өттү.

Аталган концертте мүмкүнчүлүгү чектелген Бекназар Орозалиев жана Абдурауф Шох жеке чыгармачылык таланттарын элге тартуулашты.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жаш таланттардын концертине Жалал-Абад УКМКнын башчысы К.Нурбаев жана ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков жана аларды колдоп келген маданият өнөрпоздору катышты. 

Концертин ачылышында укук коргоо органдарынын башчылары мүмкүнчүлүгү чектелген Б.Орозалиев жана А. Шохтун чыгармачылык талантына баа беришип, тагдырдын сыноосуна капа болбой, мындан нары алга умтулуп, ийгиликтерге жетип, эч убакта кайгырбай жүрүүсүн жана ар дайым укук коргоо органдары тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн айтышып, чыгармачылык ийгилик каалашты.

Концерттин жыйынтыгында улут ынтымагын чыңдаган жаш талантардын жакындары жана достору сахнага чыгып калоо тилектерин айтышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29