KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында улгайган кишилерге арналган бир айлык акция өткөрүлүүдө

Жалал-Абад шаарында улгайган кишилерге арналган бир айлык акция өткөрүлүүдө

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын 15-сентябрынан тартып “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык акция жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдали Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, шаар мэри тийиштүү буйрукка кол коюу менен бир айлык акция жарыяланган жана бул мезгилде ишке ашырылуучу иш-чаралардын планын бекиткен. Ага байланыштуу бир айдын ичинде шаардагы мекеме-ишканалар коомдук уюмдар менен биргеликте шаар аймагында улгайган адамдарга карата камкордук көрүү чараларын жүргүзүшөт. Ошол эле кезде жаштар жана балдар арасында тийиштүү иштер алынып барылып, улуу муун менен жаштардын ортосундагы өз ара карым-катнашты күчөтүү чаралары жүрөт.

- Бул ишти биз жыл сайын жүргүзөбүз, бирок ал бир айлык кезектеги акция гана болуп калбайт. Шаарыбыздын мекеме-ишканалары улгайган адамдар менен иштешүүнү жыл бою жүргүзө беришет. Аларга камкордук көрүү сөзсүз эле аларды материалдык баалуулуктар менен камсыз кылууга жатпайт. Жөн гана активдүү карым-катнашты түзүү, алардын муктаждыктарын тийиштүү органдар жардамы менен чечип берүү да карыларыбыз үчүн чоң камкордук эсептелет, - дейт ал.

Шаар мэриясы акция учурунда жардамга муктаж 200 улгайган кишиге ар тараптуу сый көрсөтүү иштерин алып барып, 1-октябрда белгиленүүчү Карылар күнүндө аларга майрам уюштуруу жагын карады. Ошондой эле карыларга карата арзандатылган айыл чарба продуктыларынын жармаңкесин өткөрүү колго алынмакчы. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13