Азербайжанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө
Азербайжанда бүгүн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат. Саясий өнөктүк президент Ильхам Алиев жана анын үй бүлөсүнүн бийлигин бекемдөө үчүн жүргүзүлүүдө. Шайлоо укугуна 5,2 миллион адам ээ. Добуш берүү өлкөнүн беш миңден ашуун шайлоо тилкелеринде өтөт.
Референдумда электорат президенттин ыйгарым укуктарын узартуу жана талапкердин төмөнкү жаш курагын аныктоодон баш тартуу боюнча пикирлерин билдирет.
Эл аралык укук коргоо уюмдары добуш берүүнү сынга алышууда. Активисттер референдум алдында өкмөт журналисттерге, жарандык коом жана укук коргоочуларга карата басым көрсөтүүнү күчөтүп жатканын айтышууда.Алар Батышты Баку бийлигине каршы турууга жигердүү үндөп жатышат.
Алиевге президенттик пост атасы Гейдар Алиевден өткөн. Ал бийлик башында 2003-жылдан бери турат.
Мунайдын дүйнөлүк баасы арзандагандан бери кирешеси дал ушул жаратылыш байлыгынан көз каранды болгон бул өлкөдө экономикалык жана социалдык көйгөйлөр курчуду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









