KELECHEK
rek

Жалал-Абадда фото-сүрөттөрдү алмашуу акциясы өттү

Жалал-Абадда фото-сүрөттөрдү алмашуу акциясы өттү

Жалал-Абад шаарынын жаштары дем алыш күндөрү облустук Барпы атындагы драма театрынын алдындагы аянтта фото-сүрөттөрдү эркин алмашууга багытталган “Сүрөт кургатуу”(фото сушка) акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардагы “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фондунун ыктыярдуу өкүлү Бегимай Бегимкулова билдирди.

Анын айтымында, бул фото-сүрөттөрдү эркин алмашуу багытындагы акция шаарда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Быйылкы жылкы акциянын өткөрүү үчүн 12 кишиден турган уюштуруу комитети түзүлүп, тийиштүү даярдыктар жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында бул иш чарага жаш сүрөт тартууга кызыккан жаштар жана дасыккан сүрөтчүлөр, андан тышкары эл аралык алдыңкы сүрөтчүлөрдүн эмгектери илинген. Алар сүрөттөрүн бизге электрондук даректер аркылуу жиберишкен. Аянтчага керме жип тартылып, каалаган кишилер ага өздөрү ала келген фото-сүрөттөрдү кийим кыпчыткыч менен илип коё алышат. Мындагы дагы бир өзгөчөлүк ким каалаган өзүнө жаккан сүрөттү алып кеткенге мүмкүн, бирок анын ордуна өзүнүн ала келген сүрөтүн илип коюшу керек.

- Бул акциянын максаты-коомчулуктун, айрыкча жаштардын өз ара карым-катнашын өнүктүрүү, алардын руханий дүйнөсүн байытуу, кооздукка, көз ирмемге катып калган элестер аркылуу мезгилге болгон мамилесин ойготууга багытталган заманбап иш-чара болуп саналат. Өткөрүлгөн акция учурунда жалпысынан үч жүзгө жакын сүрөттөр илинди дейт,- ал.

Бул акцияга активдүү катышкан жаштарга уюштуруучулар тарабынан байгелер берилди. Ал эми акцияга катышкан Жалал-Абаддагы Зуура Нурматова атындагы кыздар түрк лицейинин окуучусу Мадина Уларбекованын айтымында, шаар жаштарына мындай өзгөчөлөгөн иш-чаралар абдан керек болчу.

- Бул өткөрүлгөн “Сүрөт кургатуу” акциясы мага абдан жакты, анда мыкты жана өзгөчө сүрөттөрдү көрүүгө болот. Мындай саамалыктар шаарда дагы да көп болуп турса жакшы болмок. Ушул иш-чараны уюштургандарга да чоң рахмат дейт,- ал.

Эске салсак, сүрөт тартууга кызыккан жана дасыккан сүрөтчүлөрдүн алдыңкы эмгектеринен куралган "Сүрөт кургатуу” (Фото-сушка) иш-чарасы алгач 2010-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарында башталып, Россиянын башка шаарларына андан тышкары чет өлкөлөргө да тараган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13