KELECHEK
rek

Жалал-Абадда «Иттипак» коому ынтымактык иш-чарасын өткөрдү

Жалал-Абадда «Иттипак» коому ынтымактык иш-чарасын өткөрдү

Жалал-Абад шаарында уйгур диаспорасынын “Иттипак” коому кеңири программадагы ынтымак иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралу “Иттипак” коомунун түштүк аймагы боюнча жетекчиси Розжан Курбанов билдирди.

Шаардын “Элайнур” эс алуу комплексинде өткөн бул иш-чарага жергиликтүү бийликтердин, ар кайсы этникалык топтордун, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылып, анда негизинен коомдук туруктуулук, өз ара достук жана ынтымакташтык тууралуу кеп жүрдү.

- “2016-жыл – Тарых жана маданият жылы” деп белгиленгени баарыбызга маалым. Ушул жылы биз да мамлекетке, анын туруктуулугуна жана бейпилдигине өз салымыбызды кошуу иретинде бул иш-чараны өткөрдүк. Кыргызстанда 80ден ашык улут жашайт, дал ошол улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, биримдикте, ынтымактыкта жашоо – баарынан маанилүү нерсе. Бул иш-чара Жалал-Абад шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин Бишкекте республикалык деңгээлде өтчү, - дейт Р. Курбанов.

Бул ынтымак иш-чарасына Оштон, Бишкектен, Баткенден, ошондой эле ар кайсы райондордон коноктор келишкен. Жергиликтүү бийликтен Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Таирбек Чойбеков катышты.

“Иттипак” коомунун өкүлдөрү мындай пайдалуу иш-чараларды дагы да өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешти.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18