KELECHEK
rek

Сузакта “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн 2 үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Сузакта “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн 2 үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

25-сентябрь күнү алынган ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районунун  Бек-Абад жана Кургак-Кол айылында жашаган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн (2 үйгө) үйлөрүнө  соттун санкциясы менен тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, тинтүү операциясын КР 10-Башкы башкармалыгы жана Жалал-Абад ОИИБ, Сузак РИИБнүн өздүк курамдарынан куралган атайын ыкчам топ тарабынан жүргүзүлдү. Эрте менен жүргүзүлгөн тинтүүгө үй-ээлеринен сырткары жакын кошуналары, айыл аксакалдары күбө болуп турушту. Алгач, тергөөчүлөр тарабынан үй ээлерине жашырылган мыйзамсыз буюмдарды өз эрки менен алып чыгып берүүнү өтүнүштү.

Бирок эки үйдүн тең ээлери мыйзамсыз андай буюмдар жок экенин билдиришкен. Үй ичин дыкаттык менен карап чыкканда жашырылган диний багыттагы китеп, баракчалар, дептерлер чыкты. Кошумча шек жараткан 5 даана ДВД диск, компютер жана башка буюмдар алынып экспертизага жиберилди. Теологиялык-экспертизанын корутундусу далил буюмдарды “мыйзамсыз”  деп аныктаса, кылмыш иши козголот.

Буга чейин да Жалал-Абад облусунун баардык аймактарында мындай тинтүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Анын натыйжасында 15 атуул учурда өз эрки менен экстремисттик бул уюмдан чыккан. Акыркы учурда Ноокен районунда да “Хизбут-Тахрир”  уюмдан чыккандардын саны арбып баратат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13