KELECHEK
rek

Кургак учуктан айыкса болот жана анын алдын алуу мүмкүн

Кургак учуктан айыкса болот жана анын алдын алуу мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик кеңеши тарабынан кургак учук боюнча негизги кайрылуусу бекитилген.

«Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация боюнча адиси Чолпон Ибраимованын айтымына караганда, ар бир адам жана коомчулук  бул кайрылууну билүүгө  укуктуу:

  1. Кургак учуктан айыкса болот жана анын алдын алууга мүмкүн.
  2. Кургак учук – жугуштуу оору, ал кургак учуктун микробактерияларынан козголуп, эгер бейтап даарыланбаса, ооруган адамдан дени соо адамга жугат.  Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал. Кургак учук – бул  КАРГЫШ эмес, тукум КУУБАЙТ жана аны ӨКҮМ деп кабыл алууга болбойт!
  3. Эки аптадан ашык жөтөлүү, түн ичинде тердөө, дененин ысышы, салмактын азайышы, алсыздык жана чарчоо сымал белгилер пайда боло баштаса – өпкөнүн кургак учугун болтурбоо үчүн дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл.
  4. Заманбап диагностика  жана дарылоону эртелеп баштоо -  кургак учукту ийгиликтүү дарылоонун кепили. Кургак учуктун белгилерин байкаганда ошол замат үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.
  5. Кыргыз Республикасында кургак учуктундиагностикасы жана дарылоосу акысыз көрсөтүлөт.
  6. Кургак учуктан айыгуу үчүн, сөзсүз медициналык кызматкердин же коомдук жардамчынын көзөмөлү алдында кургак учукка каршы дарыларды дарылануунун толук курсу аяктамайынча үзгүлтүксүз кабыл алуу зарыл.  Кургак учукту дарылоо 6 айдан кем эмес убакытка созулат.
  7. Дарылоо эрежеси бузулса, дарылоо татаал жана узакка созулуучу кургак учуктун оор, дарыга туруктуу (КУ-ДТ) түрүнө айланып кетет.
  8. Кургак учукту амбулатордук дарылоо оорулуунун күндөлүк жашоосун бузбайт, аны коомдон четтетпейт, оорукана ичиндеги жугуу тобокелчилигин төмөндөтөт.
  9. Дарылана баштагандан тартып кургак учук менен ооругандардын көпчүлүгү жугуштуу болушпайт жана демейдеги жашоосун өткөрө берсе болот. 
  10. ВИЧ инфекция жана кургак учук айкалышканда өтө жагымсыз кесепеттерге алып келип, оорунун өрчүп кетишин тездетиши мүмкүн. Кургак учугу бар ВИЧ менен жашаган адамдар медициналык кызматкердин көзөмөлү астында шайкеш  дарылоону алганда гана айгышат.
  11. Кургак учук менен ооругандарды басмырлоо жана стигмага туштуктуруу дартты аныктоону жана дарылоону татаалдаштырат. Бейтаптын жана анын айланасындагы адамдардын маалымдуулугу кургак учуктан тез арылууга жардам берет. Бул жумушка медициналык жана социалдык кызматкерлер, Айылдык ден-соолук комитеттери, диний лидерлер, кургак учугу барбейтаптарды колдоо топтору, коомдук жардамчылар тартылган.  
  12. Кургак учукту бирге жеңебиз! Кургак учукту мыктылап алдын алуу жана көзөмөлдөөдө саламаттык сактоо системасы, өкмөт, жергиликтүү коомдоштор жана коомчулук аракеттерин бириктирүү зарыл.

“Кургак учук боюнча негизги кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Улуттук фтизиатрия борборунун жана «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун биргелешкен ишинин натыйжасы болуп саналат”, - дейт Ч.Ибраимова.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38