KELECHEK
rek

Ош шаарынын мэринин кезектеги эл менен жолугушуусу башталды

Ош шаарынын мэринин кезектеги эл менен жолугушуусу башталды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №3 “Сулайман-Тоо” аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, алгач жолугушууда шаар башчасынын тургундар менен болгон мурунку жолугушууларындагы протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди. Андан соң,катышуучуларга шаардагы акыркы 2 жарым жылда аткарылган жумуштарды камтыган кыскача видеотасма көрсөтүлдү.

А.Кадырбаев эл менен болгон жолугушуунун негизги максаты – жашоочулардын көйгөйлөрүн, маселелерин, суроо талаптарын бетме-бет олтуруп угуу жана жеринде чечүү экенин билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, калаа башчысы тургундардын суроолоруна түз жоопторун берди.

“Шаарыбызды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык күч аракеттер жумшалууда. Акыркы эки жарым жылда калаабызда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Алардын катарында Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акча каражатына Курманжан-Датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрөнүн курулушун бүтүрүп пайдаланууга бердик. Бул көпүрөнүн курлуш иштеринен дагы үнөмлөлгөн каражатка үчүнчү көпүрө курулат. Учурда Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,5 км вело жол жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жолду куруу боюнча 87,0 млн сомго смета түзүлүп, тендерге берилген. Тендердин жыйынтыгы менен 9 ишкана катышып, сатып алуу мыйзамынын негизинде «Амантур-Строй Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому 45,8 млн сомго утуп алды. Жакынкы күндөрү келишим түзүлүп жумуш башталат. Ал эми Тилеке-Баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө өтүүчү көпүрөнүн курулуш мантаждоо иштери куруу үчүн 40,0 млн сомго тендер жарыяланып, жыйынтыгы 10-октябрда чыгат. Көпүрөнүн узундугу 48 метр, туурасы 14 метр, тротуар эки тарабынан 2,5 метрден. Мындан сырткары, Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасын куруу (подиум) иштери үнөмдөлгөн акча каражатка байланыштуу болот. Эгер мындай болбогон шартта бул долбоор Ош шаарынын мэриясынын келечектеги стратегиялык планынын алкагында аталган көргөзмө аянтчасы  кийинки жылдары курулат”,-деп билдирди калаа башчысы.

Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык кеңештерде уланат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13