Жалал-Абад шаарында күч түзүмдөрүнүн арасында тил сынагы өткөрүлдү
Жалал-Абад шаарындагы күч органдарынын кызматкерлеринин арасында “Тарых жана маданият жылына” жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын 27 жылдыгына карата шаардык мэриянын уюштуруусунда облустук Барпы атындагы драма театрында “Тилин сактаган улут - тарыхын сактайт” аталышындагы кароо-сынак өткөрүлдү.
Бул тууралуу шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри,кароо-сынактын калыстар тобунун төрагасы Турдалы Темирбаев билдирди. Анын айтымында, бул күч органдарынын кызматкерлеринин арасында өткөрүлүп жаткан кароо-сынакка Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, Улуттук гвардиянын 704 аскер бөлүгү, шаардык өрткө каршы кызматы жана Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатынын кызматкерлеринен куралган жалпы төрт команда катышты. Сынактын жобосу боюнча командалар саламдашуу, улуттук ыр-бий жана башка да сегиз багытта өз өнөрлөрүн тартуулашты.
- Негизинен бул иш-чараны уюштуруунун максаты - улуттун жүзү болгон тил аркылуу кыргыз улутунун маданий баалуулуктарын даңазалоо жана биздин күч түзүмдөрүндө эмгектенип жаткан улан кыздарыбызды өз эне тилин билүүсүн жана патриоттук сезимдерин күчөтүү болуп саналат дейт,- ал.
Кароо-сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн “Ала-Тоо” командасы жеңүүчү деп табылып, байге ээлерине Ардак грамоталар жана 12 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Өткөрүлгөн бул иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын бюджетинен жалпысынан 50 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13