Кыргыз-казак чек арасындагы бир катар бекеттер оңдоо үчүн жабылат
Кыргызстан Казакстан менен болгон чек арасындагы бир катар өткөрмө бекеттерде курулуш жана кайра жабдуу иштерин өткөрөт. Ага байланыштуу алар убактылуу жабылат. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча чек ара аркылуу өткөн адамдарга ылайыктуу шарттарды түзүп берүү үчүн «Токмок», «Кеңбулуң», «Актилек» жана «Чалдыбар» өткөрмө бекеттеринде курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.
Маалымдалгандай, «Токмок» өткөрмө бекети 2016-жылдын 25-сентябрында жабылат. Андагы оңдоо иштери аяктагандан кийин башка бекеттерди кезеги менен жабуу каралууда. Жалпысынан кыргыз-казак чек арасында 12 көзөмөл-өткөрмө бекети бар.
Белгилүү болгондой, жыл сайын белгилүү бир бекеттерде узак кезек күтүүлөр болуп турат, жайында чек арадан өтүү үчүн адамдарга андагы тар имараттарда сааттап кезек күтүүгө туура келет.
Акыркы кездери эки өлкөнүн тиешелүү кызматтары тарабынан бир катар чаралар көрүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерден өтүү шарттары жакшыра баштады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









