Атамбаев дарыланууcун Москвада улантууда
Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун Москва шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасында улантат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев 23-сентябрда мурда анын саламаттыгын изилдеген жана жүрөк оорусун дарылаган адистерге көрүнүү максатында Орусия баш калаасына барган.
Атамбаев менен кошо президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орунбасары, кардиолог Гүлмира Баитова жүрөт.
19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын Ататүрк аэропортунда Атамбаев өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Адистер президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныкташкан. Буга байланыштуу өлкө башчынын басма сөз кызматы президент болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирген.
17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыккан. Президенттик кызматка 2011-жылдын декабрында келген, ыйгарым укуктары кийинки жылдын соңунда аяктайт. Азыркы Конституцияга ылайык, Кыргызстанда президент экинчи мөөнөткө шайлана албайт. Оппозиция Атамбаевди Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети үчүн сынга алууда. Алардын пикиринде, өлкө башчысы менен анын айланасындагылар кийинки жылдары да мамлекетти көзөмөлдөөсүн улантууну каалап жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38