Жалал-Абадда фото-сүрөттөрдү алмашуу акциясы өтөт
Жалал-Абад шаарынынын жаштары дем алыш күндөрү Барпы атындагы драма театрынын алдындагы аянтта фото-сүрөттөрдү эркин алмашууга багытталган “Сүрөт кургатуу” (фото-сушка) акциясын өткөрүшмөкчү. Бул тууралуу шаардагы “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фондунун ыктыярдуу өкүлү Бегимай Бегимкулова билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара Жалал-Абад шаарында биринчи жолу өтүп жаткан жери жок. Өткөн жылы да шаар жаштары биринчи жолу бул акцияны өткөрүшкөн. Быйылкы жылы акцияны өткөрүүгө коомдук фонддун 12 кишиден турган уюштуруу комитети түзүлүп, тийиштүү даярдык иштери жүргүзүлдү.
-Бул акция бир нече убактан бери башка өлкөлөрдө жүргүзүлүп келет. Биз өткөн жылдан бери муну колго алганбыз. Аянтчага керме жип тартылып, каалаган кишилер ага өздөрү ала келген фото-сүрөттөрдү кийим кыпчыткыч менен илип коё алышат. Ким каалаганы өзүнө жаккан сүрөттү алып кеткенге мүмкүн, бирок анын ордуна өзүнүн ала келген сүрөтү илип коюшу керек. Акциянын аягында актмвд уу катышуучуларга ар кайсы номинация боюнча байгелер берилет, - дейт ал.
Бул акциянын максаты - коомчулуктун, айрыкча жаштардын өз ара карым-катнашын өнүктүрүү, алардын руханий дүйнөсүн байытуу, кооздукка, көз ирмемге катып калган элестер аркылуу мезгилге болгон мамилесин ойготуу болуп саналат дешет уюштуруучулар. Бул акция саат 15тен 19га чейин жүргүзүлмөкчү.
Эске сала кетсек, мындай акциялар фото-сүрөттөрдү эркие алмашуу боюнча көргөзмөлүү эл аралык долбоор катары башка өнүккөн өлкөлөрдө жыл сайын жүргүзүлүп келет. Өткөн жылы дүйнөнүн 100дөн ашуун шаарларында 50 миңден ашуун катышуучулар менен ушундай акциялар өткөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13