KELECHEK
rek

Кыргызстанда Батыровдун ЕККУ жыйынына катышуусу нааразылык жаратууда

Кыргызстанда Батыровдун ЕККУ жыйынына катышуусу нааразылык жаратууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кадыржан Батыровдун ЕККУ жыйынында айткандарына баа берүүгө эл өкүлдөрүн чакырды. Депутат оор кылмыштар үчүн сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Батыров аталган уюмдун отурумуна чакырылганы, ага сөз берилгенине нааразылык билдирди.

"Жикчил Батыровдун кечээги билдирүүлөрүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн талкуулап, бүтүм чыгарсын деп кайрылам. Бүгүн Жогорку Кеңеш да ага саясий баа бериши керек. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет. Жикчилердин эл аралык аянтчаларды колдонуп, адам укугу үчүн күрөшүүчү катары чыгышы жол берилгис нерсе", -деди эл өкүлү

Батыров 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршылыгын, өзүнүн өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразылыгын айткан. Кыргызстанда аз улуттардын укуктары басмырланып жатканын да кошумчалаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын айткандарын четке кагып, Батыровдун ЕККУ жыйынына катышканына нааразылыгын билдирди​.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеп турган Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда улут аралык жаңжалды козуткан, жикчилдикке чакырган, калайман башаламандык уюштурган деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ал алты жылдан бери издөөдө жүрөт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12