Жалал-Абаддагы психоневрологиялык балдар үйү тез жардамга муктаж болбойт
Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси мындан ары медициналык тез жардамга муктаж болбойт. Анткени аталган мекемеде бүгүн алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүүчү бөлмө ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, бул мекемедеги тарбияланып жаткан балдарга медициналык тез жардам көрсөтүүнүн шарттары жаратылды. Аталган мекемеге КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өзү келип, бөлүмдүн ачылуу аземине күбө болуп, меморандумга кол койду.
- Биздин балдарыбыз мындай бөлүмгө аябай муктаж болчу. Анткени бизде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбиялангандыктан, ар кайсы убакта ооруп калышат. Ошондуктан, биз тынымсыз медициналык тез жардамды чакырып турууга муктаж болчубуз. Мына бүгүн балдарга биринчи жардамды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп олтурабыз. Бөлүмгө тийиштүү аппараттардын баары алып келинди. Келечекте бул бөлүм Жалал-Абад облусунун элине кызмат кыла турган болуп кеңейтилет, - дейт мекеменин жетекчиси.
Ошондой эле, министр мекемедеги абал, жаратылган шарттар менен таанышып, мыдан ары да балдарга жакшы шарттарды түзүү маселеси боюнча мекеменин кызматкерлери менен баарлашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38