KELECHEK
rek

Жалал-Абадда өткөн коллегияда күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды

Жалал-Абадда өткөн коллегияда күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды

Кечээ, 21-сентябрда Жалал-Абадда облустук коллегия олтурумунун кезектеги жыйыны онлайн шартында болуп өттү. Коллегия олтурумунун жыйынын өкүлдүн милдетин аткаруучу Мамасалы Акматов алып барды.

Коллегиянын олтурумунун  жыйынында облустун экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүнүн жүрүшү жана милдеттери туурасында, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Майорбек Сатымкуловдун жана Таш-Көмүр шаарынын мэри  Бекболот Миңбаевдин 2016-жылга кабыл алган өздүк жеке иш программаларынын аткарылуусу жөнүндөгү маселелер каралып талкууланды.

Онлайн шартында өткөрүлгөн облустук коллегиянын күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев баяндама жасады. «Жалалабатэлектро» ААКсынын электр тармактарынан 2016-жылдын 1-апрелинен 1-сентябрына чейин 40601 млн. кВт*саат электр энергиясы пайдаланылып, бекитилген лимиттен 11,6 млн кВт* саатка үнөмдөөгө жетишилген. Бирок, ошого карабастан Жалал-Абад шаарында, Сузак жана Чаткал райондорунда белгиленген лимиттен алда канча ашыкча электр энергиясы иштетилген.

Электр энергиясына болгон дебитордук карыз 189 млн. 925 миң сомго чыкса, мунун ичинен элдин карызы 113 млн. сомду түзүүдө. Коллегиянын олтурум жыйыны онлайн шартында өткөндүктөн, өкүлдүн милдетин аткаруучу Мамасалы Акматов Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматовдон, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевден электр энергиясына болгон ашыкча лимиттер эмненин эсебинен болуп жаткандыгын такташтырып, алардын берген жоопторун укту.

Токтогул районунун акими  Майорбек Сатымкулов быйылкы жылга карата 36 беренеден турган иш чара кабыл алыган болсо, алардын ичинен орчундуу болгон Токтогул шаарчасына таза суу чыгаруу, көчөлөргө шагыл төгүү жана район аркылуу өткөн Бишкек-Ош автомагистралынын айрым жерлерине түнкү электр жарыктарын орнотуу сыяктуу иштерди аткарган эмес.

-Токтогул шаарчасына таза суу чыгаруу долбоорун ишке ашырсак райондун калкынын 33 пайызынын таза сууга болгон муктаждыктарын чечкен болобуз. Бирок, учурда аны каржылоочу Евразия Банкы  менен болгон долбоордук келишим ратификация боло электигине байланыштуу, бул иш башталбай токтоп турат,- деди Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев өнөр жайы боюнча мерчемделген республикалык бюджетти аткарууну камсыз кылууга жетишкен эмес. Анын башкы себеби катары мэр Таш-Көмүр шаарында курулуп жаткан ферросплав чыгаруучу «Авиньен» заводунун курулушунун токтоп калышы бир катар иш чараларга тескери таасир тийгизгендигин белгиледи.

Коллегиянын олтурум жыйынын алып барган өкүлдүн милдетин аткаруучу Мамасалы Акматов коллегиянын жүрүшүндө кабинетинен чыгып кеткен Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөевди эмне себептен коллегиянын ишин таштап чыгып кеткендигин түшүнүк каты менен келип түшүндүрүп  берүүсүн анын орун басарына айтып коюсун дайындады.

- Биз акимдер менен мэрлердин, айыл аймактарынын башчыларынын  убакыттарын үнөмдөп, онлайн шартында коллегия өткөрсөк муну дагы түшүнбөгөндөр бар экендиги өкүндүрөт,- деди өкүлдүн милдетин аткаруучу Мамасалы Акматов.

Жыйындын токтому менен 2016-2017-жылдардын күз-кыш айларына талаптагыдай даярдык көрүү багытындагы даярдык иш-чараларын күчөтүү, билим берүү, саламатыкты сактоо тармактарын жетиштүү көмүр менен камсыздоо, жылуулук от казандарын капиталдык ремонттоодон чыгаруу тапшырмаларын 15-октябрга чейин бүткөрүү  тапшырмасы берилди.

Жолдошбай Осмонов, өкүлдүн басма сөз катчысы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13