Бишкек мэри 29 жер тилкесин мыйзамдуу алганын билдирди
Бишкектин мэри Албек Ибраимов мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн жерлер борбор калаада эмес Чүй облусунун аймагында жайгашканын билдирди. Аларды жер үлүштөрү бөлүнгөн учурда ар кимден сатып алганын кошумчалады.
"Бул жердин баары эле айыл чарба багытындагы жерлер. Илгери эле сатып алганбыз. Жер бөлүнүп эл үлүш албады беле. Үлүш алган адамдардан сатып алганбыз. Жер тилкелеринин Бишкекке эч тиешеси жок. Өйдө жактагы айыл чарба багытындагы тилкелер", - деп билдирди Ибраимов.
Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында Албек Ибраимовдун кирешеси боюнча декларация жарыяланган. Андагы маалыматка ылайык, Бишкектин мэри 29 жер тилкесине ээлик кылат. Алардын эң ирилери ар бири 0,714 га болгон (7140 чарчы метр) эки жер тилкеси, ал эми аянты аз дегени 0,164 га (1640 ч/м). Мэрдин декларациясында өткөн жылы ал 765 533 сом айлык акы алганы, дагы 3 млн сомдой кирешени айыл чарба продукцияларын сатып тапканы жазылган. Өзүнө таандык үйү жана унаасы жок. 1,2 гектар (10200 ч/м) ашуун жерде сарай жана курулуштары бар, дагы 0,9 гектар (9280 ч/м) жерде гараж жана башка курулуштары бар экенин маалымдаган.
Албек Ибраимовдун декларациясында жер сатып тапкан 33 млн сом да көрсөтүлгөн. Бул Ибраимовдун жубайы президентке сатты деген участоктон түшкөн киреше болушу ыктымал. Мурдараак “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ал жерге президент Атамбаев өзүнө үй салды деп маалымдаган. Текебаев ошондой эле президентке сатылган жер мурда Максим Бакиевге таандык болуп, ал качып кеткенден кийин мамлекетке кайтарылганын, Албек Ибраимов ал жер тилкесине кантип ээлик кылып калганын иликтөө зарылчылыгын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13