KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук Барпы театрынын кезектеги 25-сезону ачылды

Жалал-Абад облустук Барпы театрынын кезектеги 25-сезону ачылды

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын кезектеги 25-сезону “Курманбек баатырдын эрдиктери” аттуу спектаклден үзүндү көрсөтүү менен ачылды. Бул тууралуу Барпы атындагы драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талант Апиев билдирди.

Алгач ачылуу аземинин алкагында Барпы театрынын жана облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын отузга жакын актёру тарабынан көрүүчүлөргө бир катар сахналаштырылган чыгармалар көрсөтүлдү. Ачылуу аземине Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков катышты.

Андан тышкары, кыргыздардын нукура кыз узатуу каада салттары жана соңунда Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын чыгармачыл жамаатынын эмгеги менен даярдалган этно-концерт көрсөтүлдү.

- Ошентип, бул жылы биздин театрга, дегеле облуска ийгилик алып келген чыгармалар менен ачалы деген максатта бул чыгармаларды коюп жатабыз. Эми жаңы сезондун ачылышынан кийин театрдын актёрлору тарабынан даярдалган башка спектаклдерди да көрүүчүлөргө тартуулайбыз, - дейт  Т. Апиев.

Эскерте кетсек,  “Курманбек баатырдын эрдиктери” аттуу спектакли экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында баш байгени жеңип келген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29