Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду Ош Эл Аралык аэропортунан шаар жетекчилери тосуп алышты
Бүгүн, 21-сентябрда Ош Эл Аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча 69 кг салмакта дүйнө чемпиондугуна ээ болгон Ош шаарынын спортчусу Акжол Махмудовду, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, спортчунун туугандары, жакындары жана шаар жаштары тосуп алышты. Андан соң, атайын уюштурулган авто унааларда спортчуну даңктап шаар кыдырышты.
“Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Мына ошолордун катарын толуктап, баарыбызга жеңиш тартууладың. Биз келечекте сенден жаңы жетишкендиктерди күтөбүз. Ал үчүн Ош шаарынын мэриясы ар тараптан колдоого даяр”,-деди шаардын вице-мэри Шухрат Сабиров.
“Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоп, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретиш биз үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине, машыктыруучуларыбызга чоң рахмат”,- деп билдирди Акжол Махмудов.
Эске салсак, 13-18-сентябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону аталган.
Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү 69 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Махмудов жалпысынан төрт беттеш өткөргөн. Бул салмакта 25 өлкөнүн балбандары байге үчүн күч сынашууга чыгышкан. Махмудов алгачкы беттешинде 1/8 финалда армениялык Малкхас Амоянды килемге далысын таза тийгизип 8:2 эсебинде утуп алган Чейрек финалда жапониялык Гакуо Тагучини 8:0 эсебинде,жарым финалда белорусиялык Артем Валасковичти дагы 8:0 эсебинде ири айырма менен жеңген.Финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен таймашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип алтын медаль тагынды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30