KELECHEK
rek

HRW: Тажикстанда ЕККУ жыйынында нааразылыгын билдиргендердин туугандары камалды

HRW: Тажикстанда ЕККУ жыйынында нааразылыгын билдиргендердин туугандары камалды

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердловдун билдиришинче, Тажикстанда Варшавадагы ЕККУ жыйынында «үнсүз нааразылык акциясын» өткөргөн Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн 50гө жакын тууганы камакка алынды.

Ал 19-сентябрда Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланып жаткан ЕККУнун жыйындар залына оппозициялык топ кирип барганын айтты.

«Ал тынчтык митингдин катышуучуларынын туугандарынын камакка алынышы тууралуу маалыматты ЕККУнун жыйыны аяктагандан кийин жакшылап карайбыз. Азыр маалымат такталып жатат, бирок ырастала турган болсо ал адам укуктарын одоно бузуу болот. Жыйында Тажикстан делегациясы адам укуктарынын принциптери боюнча ЕККУ алдындагы милдеттенмелери тууралуу баяндама жасаган», - деди Стив Свердлов.

Варшавадагы жыйынга Тажикстан өкмөтү менен жарандык коом өкүлдөрү катышкан. Жыйындар залына ЕККУ имаратынын алдындагы нааразылык акциясына катышкан 20га чукул адам кирип барган. Алар Бузургмехр Ёров өңдүү камалгандар менен Ислам кайра жаралуу партиясынын башчыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн футболкаларды кийишкен.

Свердлов окуядан кийин камактагылардын айрым туугандары ал сыяктуу акцияларга катышпоо тууралуу атайын кызмат өкүлдөрүнөн эскертүү алышканын айтты. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги булак ал камакка алуулар аймактарда болгонун жана «комитетке түздөн-түз тиешеси жок экенин» билдирди.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53