Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны кармалды
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы жараны А.Э. кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы ббилдирди.
Алынган маалыматка караганда, 2016-жылдын февраль айында Шамалды-Сай шаарынын тургуну Х.Анын саат 05:00 чамасында уктап жаткан бөлмөсүнө белгисиз кылмышкерлер кирип, 2 даана уюлдук кол телефондорун уурдап качып кеткен. Уурулук жөнүндө Шамалды-Сай айылынын тургуну Х.А арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча кылымыш иликтөө тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө мөнөтүнө айыпкерди аныктоого мүмкүнчүлүк болбой Кыргыз Республикасынын Жаза процессуалдык кодексинин 221-берене менен өндүрүштөн токтотулган.
Ошондой эле, 2016-жылдын май айында Шамалды-Сай шаарчасындагы маданият үйүнүн жанында А.Г айымга тиешелүү болгон “ХОНДА-СТЕПВАГОН” үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы айнектерин, белгисиз кылымышкерлер талкалап сыдырып олуттуу зыян келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө мөнөтүнө айыпкерди аныктоого мүмкүнчүлүк болбой ЖПКнын 221-берененин негизинде өндүрүштөн токтотулуп турган.
Өндүрүштөн токтотулуп турган кылмыш иши боюнча ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, кылмышкерлерди аныктоо максатында Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган 24 жаштагы А.Э. экендиги аныкталып, 2016-жылдын 16-сентябрында кылмыш иштер өндүрүштөн жандандырылып, А.Эге карата айыптары угузулуп, 18-сентябрда бөгөт коюу чарасы боюнча Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алуу түрүү колдонулуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөнү турат.
Айыпкер А.Э. Аксы районунун тургуну, үй-бүлөсү жок, эч жерде иштебейт. Мурда бир нече жолу мал уруулук кылмышы менен соттолгон, туруктуу жашаган жери жок.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56