Бюллетендердин 90 пайызы саналгандан кийин Мамдумага алты партия өттү
Орусия БШКсынын эсеби боюнча бюллетендерин 90 пайызы эсептелди. Ага ылайык, партиялык тизме боюнча “Бирдиктүү Орусияга” шайлоочулардын 54 пайызы добуш берди. Бир мандаттуу округдар боюнча дагы ал атаандаштарынан ат чабым озуп кетти. 225 округдун ичинен 203үндө бийликчил партиянын өкүлдөрү алдыда келе жатат.
Мындан тышкары Мамдумага Коммунисттер партиясы 13,5 пайыз, ЛДПР 13,3 пайыз жана “Акыйкат Орусия” партиясы алты пайыздан ашыгыраак добуш менен өттү. Бир мандаттуу округдар боюнча парламенттеги мандаттарга “Родина” жана “Жарандык платформа” дагы ээ болот.
Калган партиялар Мамдумга өткөн жок. “Яблоко” партиясы эки пайыздай гана добуш топтой алды. ПАРНАС 0,7 пайызга ээ болду. Саясий өнөктүккө болжолдуу түрдө шайлоочулардын 50 пайыздан азыраагы келгени айтылууда.
ПАРНАС партиясынын лидери Михаил Касьянов шайлоого элдин аз келгенине капаланып, алдын ала жыйынтыктары менен шайлоодо тандоо мүмкүнчүлүгүн бербегени үчүн бийликти айыптады. Касьяновдун айтымында, жараян мыйзам бузуулар менен өттү. Ал бийлик таза жана эркин шайлоолордон коркот деп эсептейт.
Көз карандысыз байкоочулар 18-сентябрда өткөн шайлоолор өтө көп кемчиликтер менен коштолгонун билдиришти. Бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоо, байкоочулардын жана тилкелик шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн укугунун бузулушу, шайлоочуларды ташуу жана “карусель” ыкмасын колдонуу фактылары катталганын маалымдашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









