KELECHEK
rek

Президент Атамбаев жүрөгүнөн улам Нью-Йоркко барбай калып, Түркияда дарылануда

Президент Атамбаев жүрөгүнөн улам Нью-Йоркко барбай калып, Түркияда дарылануда

Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, дарылануу курсун Стамбул шаарында өтмөй болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Бишкектен Нью-Йоркко бараткан Кыргызстан делегациясы Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна конууну пландап жаткан. Президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, догдурлар жүрөк оорусунун симптомдорун аныкташты. Буга байланыштуу президент Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтүп, бир нече убакыт догдурлардын көзөмөлүндө болот. Мамлекет башчынын буйругу менен Кыргызстандын БУУнун Башкы Ассамблеясына жол тарткан делегациясын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштап барат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин АКШнын Нью-Йорк шаарындагы сапары учурунда БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен эки тараптуу жолугушуусу белгиленген. Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынындагы жалпы жарыш сөз маалында сөз сүйлөмөк. Президент Башкы ассамблеянын 71-саммитине катышуу үчүн АКШга жумушчу сапар менен бүгүн учуп кеткен.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12