KELECHEK
rek

Жалал-Абаддын жаштары “Дени сак жаштар-дени сак өлкө” акциясын өткөрүшөт

Жалал-Абаддын жаштары “Дени сак жаштар-дени сак өлкө” акциясын өткөрүшөт

Эртең, 20-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар комитети “Дени сак жаштар – дени сак өлкө” аттуу акциясын өткөрмөкчү. Бул тууралуу шаардык Жаштар комитетинин жетекчиси Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, бул акция АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) туура тамактанууну жайылтуу боюнча “Sping» долбоорунун жана Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун өнөктөштүгүндө өтөт. Шаардагы окуу-жайларынын студенттери, активдүү жаштар шаардын чыгыш тарбындагы адыр-тоолордо жайгашкан “Жалал-Абад” санаториясынан баштап шаардын борбордук “Эркиндик” аянтына чейин чуркашат.

- Болжол менен жүздөн ашуун жаштарыбыз санаториядан ылдый көздөй шаардын борбордук аянтына чейин чуркап келишет. Борбордук аянтта “Sping» долбоорунун өкүлдөрү көптөгөн жаштардын жана шаардыктардын атуулдардын катышуусунда туура тамактануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Театрлаштырылган оюн-зооктор, викториналар, аркан тартмай, алысттыкка секирүү, жаздык уруш сыяктуу башка да оюнда уюштурулат. Чуркоонун жана башка оюндардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилет. Андан соң, кечинде жаштардын катышуусу менен дискотека уюштурууну чечтик, - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, бул акцияга катышкандарга жана шаардыктарга арнап, шаардык маданият бөлүмү кеңири программадагы концертти тартуулайт. Ал эми акциянын жүрүшүнө шаардык спорт комитети активдүү катышмакчы. Ал эми шаардык медицина мекемелери менен милиция органдары медициналык жана жалпы копсуздук чараларын көзөмөлдөп турушат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында мындай акциялардын өтүшү сейрек эмес. Мындан мурун шаар мэриясы, облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, жаштар комитети жана эл аралык донорлор биригип, “Ден-соолук жүрүшүн”, бир катар тематикалык флеш-мобдорду уюштурушкан. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44