KELECHEK
rek

Базар-Коргондо “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Базар-Коргондо “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Бүгүн, 16-сентябрь күнү Жалал-Абад ОИИБ, Сузак РИИБ, УКМК менен биргеликте, Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында Базар-Коргон районунун аймагында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрүнүн жашаган 3 үйдүн даректерине баарына бир убакта таң аткан убакта эрте менен тинтүү жүргүзүлдү.

Алынган ыкчам маалыматтардын жана соттун санкциясынын негизинде тинтүү болду, Тинтүүгө үй ээлеринен нааразычылыктар болбосун үчүн калыстардан сырткары үй ээлеринин кошуналары, жакын туугандары,  жергиликтүү айыл башчылары  көз салып турушту.

Жалпысынан операция учурунда динний экстремисттик уюмуна  тиешелүүлүгүнө шектүү болгон диний кастыкты козутуучу, флешкартадагы электрондук маалыматтар, видео диск жана кассеталар, жашырылган китеп, үгүт баракчалары  табылып, далил буюм катары алынып, чогултулган материалдар Базар-Коргон РИИБнүн Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, соттук-теологиялык экспертиза дайындалуу менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Аксы, Таш-Көмүр, Ноокен, Сузак, Жалал-Абад шаарларында тинтүү операциялары жүргүзүлгөн.

Акыркы убакта Жалал-Абад облусунда казыят, күч кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы менен биргеликте калкка салттуу ислам дини, экстремисттик азгырыктардан арылуу сыяктуу темада жыйындарды, жолугушууларды өткөзүү менен түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бул мыйзамсыз уюмдун мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыккандардын саны арбып барат.  Мисалы жыл башынан бери “Хизбут-Тахрир” экстремисстик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турган 15ке чукул адам адашып калгандыгын сезип, кайрадан туура жолго салттуу ислам динине кайткандыгын мойнуна алып массалык маалымат каражаттары аркылуу, мечиттерде эл астында жалпы журтка жар салган.

Мындай көрүнүш акыркы жылдары гана пайда болууда. Мындан 2,3 жыл мурун экстремисттик уюмдардан өз эрки менен чыккандар дээрлик жок болчу.

Мыктыбек Турдубеков, Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13