Оштун Амир-Тимур аймактык кеңеши түнкү жарыктар менен камсыз болду
Ош шаарында 15-сентябрда Амир-Тимур аймактык кеңешинде көчө жарыктарынын ачылышы болду. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, калаа башчысы шаардагы түнкү жарыктандыруунун сапатын жакшыртуу жана элдин коопсуздугун камсыздоо максатындагы иш аракеттер тууралуу тургундарга маалымат берди.
“ 2015-жылы шаарда 12 жарым км жол түнкү жарык менен камсыз болгон болсо, учурда бир аймактык кеңеште эле 12 км ашуун жолго түнкү жарыктар орнотулду. Быйыл 175 км жол түнкү жарык менен камсыз болот. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 млн млн сом акча каражаты бөлүнүп, тендер аркылуу 42 млн сомго 3021 даана 100w жана 120w болгон светодиоддуу чырактар алынып келинген. Светодиоддуу чырактар шаардын борбордук көчөлөрүнө орнотулуп, борбордук көчөлөрдөн чыккан эски чырактар шаардын аймагындагы мурда жарыктандырылбаган көчөлөргө коюлууда. Ошонун негизинде, Амир-Темур кичи шаарчасына жалпысынан 154 даана чырак, Куцемелова, Жумабаев жана Садриддин Айни көчөлөрүнө орнотулуп, 12520 метр жол жарыктандырылды”, - деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле, калаа башчысы 2017-жылы шаардагы жайгашкан бардык 640 көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына да түнкү жарыктар орнотуларын билдирди.
“Жаңы лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда 3 жарым эсе электр энергиясын үнөмдөйт. Светодиоддуу чырактарды колдонуунун жыйынтыганда, электр энергиясын колдонуу 3,33 эсеге азайып, электр энергиясына болгон төлөмдөр былтыркы жылдын июнь айында 818 746 сом болгон болсо, 2016-жылдын июнь айына 245 869 сомду түздү. Башкача айтканда светодиоддуу чырактарды орнотуу менен электр энергиясына болгон төлөм 572 877 сом үнөмдөлгөн. Светодиоддук электр лампаларынын кепилдиги 5 жыл, кызмат кылуу мөөнөтү 15 жылга чейин. Түнкүсүн ак түстө болуп жанат. Жакшы жыйынтык берип, шаардыктардын жакшы пикирин жаратты. Кыргызстан боюнча биринчи Ош шаарына орнотулуп жатат”,-деди “Шаарсвет” Ош электр жарык тармактар ишканасынын өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн башчысы Сиражидин Төрөев.
Жалпысынан алганда, «Шаарсвет» Ош элетр жарык тармактар ишканасы бүгүнкү күндө 134,738 км жолду жарыктандырып, 310,18 км электр энергиясын өткөрүүчү линияларды, 3774 даана чырактарды, 1166 даана плафондорду, 129 даана башкаруу щиттерин жана башка жабдыктарды тейлейт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18