Ж.Эгамбердиева: “Мени көтөрмөлөгөн Жалал-Абад элине чоң ыраазычылыгымды айтам”
Бүгүн, 16-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратындагы кызматкерлер менен мурдагы ыйгарым укуктуу өкүл Жумагүл Эгамбердиева коштошуп, 7 жыл чогуу иштеген коллективине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Өкүлчүлүктүн аппаратында иштегендер да Ж.Эгамбердиеванын мындан аркы иштерине ийгилкитерди жана бекем ден соолукту каалашты.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кечээ, 15-сентябрь күнү чыгарган буйругуна ылайык, КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп Жумагүл Эгамбердиева дайындалып, аны коллективине тааныштырышкан болчу.
Ж.Эгамбердиева Жалал-Абад облусунун губернаторунун 1- орун басары кызматына 2010-жылдын июнь айында келген. Ага чейин Чаткал районунун акими болуп иштеп турган. Ал эми 2014-жылдан бери КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келе жаткан. Мына ушул 7 жыл аралыгында бир топ ийгиликтерге жетишип, элдин колдоосуна ээ болгондугу боюнча ал өз оюн төмөндөгүчө билдирди.
- Мен үчүн 7 жыл жеңил жылдардан болбоду. Ар кандай кыйынчылыктар болду. Биринчи орун басарлыктан өкүл болуп иштеп кеткеним билинбей эле калды десем болот. Эң негизгиси коомдо стабилдүүлүктү сактап калдык. 2010-жылдары эң оор мезгилдерди баштан өткөрдүк. Жылдан-жылга элдин жетекчилерге болгон ишеними арта баштады. Мен облуста бизнес-форумду баштап алдым. Азыр Жалал-Абадга инвесторлор келип жатат. Алгач баштоо кыйыныраак, бирок биринчи кадамдар коюлду. Эки жыл өткөрдүк, эми жылда өткөрүп кетүүгө оңой болуп калды. Дагы бир нерсе, 2010-жылдан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен аябай тыгыз иштеп, алар үчүн жылда спартакиада өткөрүп келе жатабыз. Быйыл 7- жолу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спартакиадасын өткөрдүк. Бул өзү салттуу болуп калды. Абдан көп эл менен жолуктум. Алыскы райондордун тоолуу айылдарына барып, карапайым элдин жашоосунан кабар алууга аракет жасадым. Базар-Коргондун Жаз-Кечүү, Ала-Бука районунун Көк-Таш деген айылдарына барып, элдин жашоосунан кабар алып жаттым. Бул менин прицибим болду десем да болот. Облус эли адашсам кечирип, жаңы келгенде тилден кыйналып жүрдүм билесиздер, анча-мынча туура эмес сүйлөсөм мени урушпай туура кабыл алып жатышты. Алыскы райондон келгениме карабай, эл мени көтөрмөлөдү, ар тараптан колдоого алды. Журналисттер да мени колдоп, ар тараптуу жасаган ишимди элге чагылдырып турушту. Мени элге тааныткан бул журналисттер. Ошол себептен, жалпы Жалал-Абад элине чоң ыраазычылыгымды айтам. Кайсы жерде болбоюн, кандай маселе болбосун чечип берүүгө даярмын, - дейт КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгамбердиева.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18