Тажикстанда вице-премьердин уулу катышкан аварияда эки адам мерт кетти
Дүйшөмбүдө 10-сентябрда Тажикстандын вице-премьеринин уулунун катышуусунда авария болду. Натыйжада эки адам мерт кетти. ИИМ окуяны иликтөөдө.
ИИМдин басма сөз кызматы авария кокустан болгонун, мындан улам бул фактыны атайын жасалган кылмыш катары баалоо туура эмес экенин билдирүүдө. Айдоочу өзү дагы жабыркаган, ал азыр ооруканада.
ИИМ өкүлү авариянын кесепетинен үч адам өлдү деген маалыматты четке какты. Жол кырсыгынан эки адам каза тапкан. “Тойота Кемри” автоунаасын башкарып бара жаткан вице-премьердин уулу оор жаракат алган.
"Азаттыктын" тажик кызматынын өз булагы маалымдагандай, аткаминердин уулу Фаромуз Саидов түн оогондон кийин көңүл ачуучу борбордон чыгып, унаасын катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан. Анын көзү жарыкка чагылышып, бет маңдайын байкабай, жол куруучу автомобиль менен кагылышып кеткен.
Фаромуз Саидов Тажикстан вице-премьери Давлатали Саидовдун уулу. Анын атасы мурун жаштар иши боюнча комитеттин төрагасы, Тажикстандын Жапониядагы элчиси, ошондой эле Инвестиция жана мамлекеттик менчик комитетинин төрагасы болуп иштеген.
Өлкөдө чиновниктердин балдарынын катышуусундагы авариялар маал-маалы менен кайталанып турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05