KELECHEK
rek

АКШ соту Гүлнара Каримованын ишин убактылуу токтотту

АКШ соту Гүлнара Каримованын ишин убактылуу токтотту

Нью-Йорктун Түштүк округунун федералдык соту  Гүлнара Каримова менен ага жакын адамдарга тиешелүү делген 850 миллион долларды конфискациялоого байланышкан ишти убактылуу токтотту.

Сот мындай чечимди АКШ менен Өзбекстан бийлигинин өтүнүчүнөн улам кабыл алган. Вашингтон менен Ташкент соттон тышкаркы тартипте эле аталган миллиондордун тагдырын чечүүгө ниеттенүүдө.

Кеп Швейцариядагы эсепте камакка алынган 550 миллион жана АКШ, Ирландия, Люксембург жана Бельгия банктарында тоңдурулган 300 миллион доллар туурасында болуп жатат. Бул акчалар Ислам Каримовдун улуу кызына тиешелүү деп айтылып келет.

Акчаны кайтарып алуу максатында өзбек бийлиги америкалык Holwell Shuster&Goldberg жактоочу компаниясын жалдап, анын юристтери ньюйорктук сот Эндрю Картерге Өзбекстандын юстиция министринин колу коюлган кат жөнөтүшкөн.

Катта америкалык тарап камакка алган 500 миллион доллар Өзбекстанга тиешелүү экендиги жана өлкө айрым ишкерлер жасаган кылмыштын курмандыгы болуп калгандыгы айтылган. Бирок Гүлнара Каримова жөнүндө эч кандай сөз жок.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...