KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук 3 пайызга азайды

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук 3 пайызга азайды

ЖалалАбад шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук былтыркы жылга салыштырмалуу 3 пайызга азайды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жетпеген өспүрүмдөр инспексиясынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Асан Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук саны 10 болуп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырмалуу 3 кылмышка аз.

- Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу, баңгликке, аракечтикке каршы күрөшүү боюнча шаар аймагында жайгашкан орто мектептерде 401 жолу лекция жана чогулуштар өткөрүлүп, профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Жалал-Абад шаары боюнча жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен шаар мэриясы, коомчулук менен биргеликте 8 жолу ар кандай аталыштагы рейддер өткөрүлдү. Жыйынтыгында  171 жаш өспүрүмдөр кармалып, топтолгон материалдар Жалал-Абад шаардык жаш өспүрүмдөрдүн ишин кароо комиссиясына жана ата-энесинин же аларды алмаштыруучу адамдардын иштеген жерлерине, ошондой эле аймактык башкарууларга  маалымат катары жөнөтүлгөн. Азыркы учурда  бардык орто мектептерде жаш өспүрүмдөр инспекциясынын кабинеттери ачылып, окуучуларды жана мугалимдерди, ата-энелер комитетинин өкүлдөрүн кабыл алып, иштеп жатышат, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жала-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жетпеген өспүрүмдөр инспекциясында учурда шаар боюнча 7 кызматкер эмгектенип келет. 

kogart.kg

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...