KELECHEK
rek

АКШда бомбалоочу F-35 учагы сыналды

АКШда бомбалоочу F-35 учагы сыналды

Америкалык көп буталуу F-35 классындагы бомбалоо учагы Нью-Мексикодогу White Sands полигонунда сыноодон өткөрүлдү. Анын түрдүү модификациялары жакында курал катара пайдаланууга берилет.

Жаңы учак башка курал-жарак системалары менен шайкештикте бир дагы ок чыгарбастан эле согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарга жетүү мүмкүндүктөрүн тосуу комплекстерин нейтралдаштырууга кудуреттүү. Андай комлекстердин катарында америкалык учактарга коркунуч туудуруп жаткан Орусиянын Чыгыш Европада, Жакынкы Чыгышта, ошондой эле Түштүк-Кытай жана Чыгыш-Кытай деңиздеринде жайгаштырылган куралдары бар.

Анын ичинде кеп орусиялык С-400 "Триумф" зениттик-ракеталык системасына туруштук берүү тууралуу болууда. Сыноонун жүрүшүндө F-35 көрүнбөй турган аэродинамикалык бутаны аныктап, маалымат станцияга жеткирилген. Ал жактан ракета алып жүрүүчү кемеге кабарланып, ал стандартташтырылган ракетанын жардамы менен бутаны жок кылган.

Америкалык аскерлер билдиришкендей, F-35 аба жана суу алдындагы буталарды натыйжалуу аныктоо жана аларды аскер-деңиз флотундагы ракеталык комплекстер менен жок кылуу аралыгын кыйла көбөйтөт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02