KELECHEK
rek

Кытай ишкери Тажикстанда бизнесин тарттырып жибергенин билдирүүдө

Кытай ишкери Тажикстанда бизнесин тарттырып жибергенин билдирүүдө

Тажикстандагы кытай инвестору анын Согди облусунун Гулистон шаарына жакын жердеги сурьма өндүрүү ишканасын рейдерлик жол менен тартып алгандыктарын билдирди. Айтымында, ишкананы курууга ал 1 миллион доллар акча жумшаган.

Жен Ху А аттуу кытай ишкери Тажикстанда сурьма өндүрүү ишканасына ээлик кылат. Ал мүлкүн «Азия-Тур» компаниясын жетектеген өнөктөшү Каромат Содикова менен банктын ортосунда иштелип чыккан план боюнча «тарттырып жибергенин» белгиледи. Айтымында, тажик ишкери жасалма документтердин негизинде анын ишканасын күрөөгө коюу менен банктан 1 миллион сомони өлчөмүндө насыя алып, аны төлөп берген эмес. Жыйынтыгында банк насыяны Жен Ху Адан талап кылууда.

Жабырлануучу ишкер эки жылдан бери банк жана Каромат Содикова менен соттошуп келе жатканын айтууда. «Дүйшөмбүнүн Экономикалык соту менен Жогорку экономикалык соттогу узакка созулган соттук териштирүүлөр менин мүлкүмдүн камакка алынышы менен аяктады. Кийинчерээк аны ондогон эсе арзан баада Каромат Содиковага сатып жиберишти», - деди ал.

Бирок Каромат Содикова кытай ишкеринин дооматтарын четке кагып, мында тескерисинче ал жабырлануучу экенин айтты. Соттук териштирүүлөр ишкананын ишинин токтоп, анын 130 жумушчусунун ишсиз калышына алып келген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53