Ляур полигонунда тажик-орус машыгуулары өтүүдө
Дүйшөмбүдөн 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Ляур полигонунда Тажикстандын куралдуу күчтөрү менен Орусиянын 201-аскер базасынын бөлүмдөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтүүдө.
Тажикстан Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Жамшед Хусейнов аймакта согуштук ок атуулардын коштоосундагы тактикалык машыгуулардын акыркы этабы 15-сентябрда, эки өлкөнүн 800 жоокери жана 200гө жакын аскер техникасынын катышуусунда өтөрүн билдирди. Машыгуулардын максаты - терроризм менен экстремизмге каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.
Хусейновдун айтымында, машыгууларга Орусиянын 201-аскерий базасынын тактикалык тобунун батальону, Тажикстан Коргоо министрлигинин атайын даярдыктагы ротасы, ИИМдин ички аскер бөлүгү жана УКМКнын чек ара аскерлери катышууда.
Бир жума ичинде жоокерлер, сержанттар жана офицерлер тоолуу жерлерде тапшырмаларды аткарышат. Анда коргонуу, чабуулга өтүү, шарттуу кылмыштуу топторду издөө, курчоого алуу жана жок кылуу көнүгүүлөрү аткарылат.
Биргелешкен машыгуулар 13-сентябрда башталган, 16-сентябрда аяктайт. Расмий маалыматтар боюнча, бул ушул жылдагы тажик-орус аскерлеринин алгачкы биргелешкен магышуусу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









