KELECHEK
rek

Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук VII спартакиадасы өттү

Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук  VII спартакиадасы өттү

Кечээ, 14-сентябрда Сузак районунун  Ладан-Кара айылында  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук VII спартакиадасы болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.

Алынган маалыматка караганда, спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке облустагы 12 район-шаарлардан 150дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип катышты. Спартакиаданын жобосуна ылайык, спорттун 7 түрү: шахмат, шашки, кол күрөшү, жатып алып штанга көтөрүү, гир көтөрүү жана коляскада аралыкка жарышуу боюнча аялдар жана эркектер арасында кызуу мелдештер өткөрүлдү. Жалпы жонунан 39 медалдын комплектиси боюнча атаандаштык маанайындагы кызыктуу таймаштар болду.

- Сузак районунда 8123 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбыз бар. Алардын ичинен 107 адам  майыптар болуп саналат. 2016-жылдын 1-сентябрына карата 41 атуулга майыптык олтургучтуу коляскалар тапшырылды. Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 87 атуулга ден соолуктарын чыңдоолору үчүн курорттор менен санаторияларга жолдомолор берилди.  Облустук спартакиада бул жалаң гана спорттук мелдеш же күч сынашуу гана эмес, бул биринчи кезекте түшүнүшүүнүн, бири-бирибизди колдоонун жана  баарлашып жакындашуу менен   достошуунун негизи  деп билемин,- деди Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Абдумуктар Маматов.

-  Облус боюнча калктын аялуу катмарларына кошулган 229 миң 273 жаранга мамлекет тарабынан 16 млн. 854 миң сомдук материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Мектеп жашындагы балдардын арасынан окууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн мектеп мугалимдери үйлөрүнө барып окутуу иштери жолго коюла баштады. Өкмөттүк эмес уюмдар бул маселеде демилгелүү иштеп жатышкандыктарын баса белгилеп кетмекчибиз.  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында облустук спартакиаданы өткөрүү демилгеси Кыргызстан боюнча биздин облусубузда гана жыл сайын ийгиликтүү өтүп келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп кетким келет,- деди  өкүл Жумагүл Эгамбердиева.

Акырында, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары,  спартакиаданын ар бир катышуучусуна дагы акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелган адамдар арасындагы облустук VII спартакиаданы өткөрүүгө Сузак районунун ишкерлери демөөрчүлүк көрсөтүшүп, 192 миң сом каражат сарпталды. Өкүл спартакиаданы өткөрүүгө өздүк фондусунан 30 миң сом бөлүп берди.

Эмки VIII Спартакиада Ала-Бука районунда өткөрүлөт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41