KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында көчө китепканасы ачылды

Жалал-Абад шаарында көчө китепканасы ачылды

2016-жыл тарых жана маданият жылына карата “Китеп - эң жакшы дос” аттуу долбоордун алкагында "Инсан таануу" коомдук бирикмесинин демилгеси менен Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында өлкөдө үчүнчү, ал эми Жалал-Абад шаарында биринчи жолу көчө китепканасы ачылды. Бул боюнча “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдос Шерматов билдирди.

Анын айтымында, бул көчө китепканасынын ачуу “Инсан тануу” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленди жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитети менен бирге Жалал-Абад Жаш ишкерлер ассоциациясынын колдоосу астында ишке ашты.

- Анын негизги максаты – китеп бул эң жакшы дос, ал адам баласынын аң-сезиминин өсүшүнө, дүйнө таанымын арттырууга чоң салым кошот. Ошондуктан коомдогу жаштардын, аны менен бирге  улгайган адамдардын арасында китепке болгон кызыгуунун арттыруу, окууга үндөө жана аны жандандыруу зарыл. Көчө китепканасын биз атайын Токтогул эс алуу багына коюп жатабыз. Себеби, анда окурмандар эс алуу менен бирге китеп окууга да мүмкүнчүлүк алышат, - дейт ал.

Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, жаштар социалдык тармактарга кирип кетип, китеп окууга көңүл бурбай жатышат.

- Азыркы учурда күн сайын технологиянын өнүгүүсүн байкоого болот. Жаштарыбыз социалдык тармактарда убактыларын кетирбестен, бул жерге келип өздөрүнө керектүү болгон тармактардагы китептерди окуп, маалыматтарды алууга болот. Ошондуктан китеп окууга ыңгайлуу болуусу үчүн көчө китепканасы атайын эс алуу багына орнотулду, - дейт ал. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18