НАМЫСКА ЖАРАГАН КАЛЫ СУЛАЙМАНОВ
Жалал-Абад шаарынын тургуну Калы Сулайманов Кыргызстан боюнча бешинчи дүйнө чемпиону болду. Баарына белгилүү болгондой, ал Францияда болуп өткөн дүйнөлүк жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн кыйын балбандарын жеңип чыкты жана Кыргызстандын желегин желбиретти. Биз чемпиондун устаттары, өзү менен кыскача маек курдук.
Чыңгыз Пиримкулов, Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин директору:
- Буюрса биздин спорт мектептен көптөгөн дүйнө чемпиондору чыгат деген ишеничтебиз. Раатбек Санатбаев атындагы балдардын спорт мектебинде күрөш, бокс залдары бар, шарттар жакшы. Өткөн жылы шаар мэриясынан акча бөлүнүп, матрацтар жана бир штанга алынган. Шаар мэри жана шаардык депутаттар бизди колдоп эле келе жатышат. Буюрса алдыда штанганы дагы да өнүктүрөлү деп жатабыз. Анткени, кыргыздан мыкты спортчулар чыгаарын Иззат Артыков тастыктап койду. Ал эми күрөш залыбызда болсо үч килем пайдаланылып жатат. Быйыл бардык залдарды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Бир залдын ичинде грек-рим жана эркин күрөш боюнча машыгышат. Андан сырткары, бокс, штанга залдарыбыз бар. Ал эми футбол менен машыккандар “Курманбек” стадионуна барышат. Балдарды жалаң эмгек сиңирген тренерлер тарбиялашат.
Калы Сулаймановдун Францияга барып келишин шаар бийлиги каржылады. Бизди сүйүндүргөн нерсе - интернатта машыгышып, 4 маал тамактанышып, тынымсыз машыккан балдардын арасынан күнүнө эки жолу гана машыккан биздин спортчубуз дүйнө чемпиону болду. Бул балага токтоло кетсем, ал өтө мээнеткеч. Режимди убагында сактайт, кичи пейил, башкача айтканда, башка балдарга үлгү боло алат.
Азыр шаар мэрине жана депутаттардын шаардык кеңешине кат менен кайрылалы деп жатабыз. Анткени шаар бийлиги жеңүүчүгө үй берсе, ага чоң стимул болот деген ойдобуз. Буюрса бул баладан үмүттөр чоң. Олимпиадага чейин жетет деген үмүттөрүбүз бар.
Бизде бир көйгөйлөр да бар. Мисалы, балдарга жатакана жок, айрымдары айылдарынан барып келсе, айрымдары шаарда батирлерде турушат. Грек-рим күрөшү боюнча Жалал-Абад облустук федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Эгембердиев мурда депутат болгонго чейин эле спорт тармагына түрдүү колдоолорун көрсөтүп келди. 2008-2009-жылдары ошол кишинин демилгеси менен айылдардан спортко кызыккан балдарды чогултуп келгенбиз. Аларды шаардагы мектептерге киргизип, жатакана менен камсыз кылганбыз. Ошол балдардын арасында Калы Сулайманов да бар болчу. Мына андан бери билинбестен 8 жыл өтүп кетиптир. Ошол кичинекей бала бүгүн бизди кубандырып, дүйнө чемпиону болуп олтурат. Калынын жеңиши бизге дем берди. Мындан ары да Жалал-Абад шаарынан күчтүү спортчулар чыгат деген ишеничтебиз.
Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров:
- Кыргыз мамлекетинде акыркы 8 жыл ичинде бир да спортчу дүйнөнүн чемпиону болгон эмес. Кыргызстанда жаштар арасында буга чейин 4 дүйнөнүн чемпиону болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын катарын бешинчи болуп биздин балабыз Калы Сулайманов толуктады. Калынын мындан башка дагы ийгиликтери көп. Мисалы, эки жылдан бери Бакуда болуп өткөн эл аралык турнирдин эки жолку жеңүүчүсү болгон. Ал эми Кыргызстанда күмүш медалына ээ болгон.
Бизди кубанткан нерсе - түштүк региону боюнча биринчи жолу Жалал-Абад шаарынан Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинен дүйнө чемпиону чыкты. Муну эмгек сиңирген машыктыруучу Алтынбек Салаев тарбиялаган. Мен ойлойм, Калынын дүйнө чемпиону болушуна анын машыктыруучусунун эмгеги чоң. Анткени тренерлер балдарга атасынан да жакын болуп калат.
Шаарыбыздан мыкты спортчулар чыга баштады. Калыдан сырткары 26-августта Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун бокс боюнча турнири болуп өттү. Ага ушул эле спорт мектепте бокс боюнча машыккан балабыз Сиражидин Абдуллаев барып, коло медалга ээ болду. Ошондой эле Дагестанда болуп өткөн эл арлык чемпионатка да катышып, алтын медалга ээ болуп келди. Сиражидинди эмгек сиңирген машыктыруучу Марат Абдуллаев машыктырган. Мен ойлойм, спортчулардын ийгиликке жетишишине машыктыруучуларынын кошо баруусу шарт түзөт. Колдон келсе, башка чет өлкөлөргө барып жаткан ар бир спортчуга машыктыруучуларын кошуп жөнөтүш керек. Машыктыруучу, албетте, аларга дух берет, даярдайт, жол көрсөтүп турат.
Калы Сулайманов, Францияда болуп өткөн жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону:
- Мен 8 жылдык эмгегимдин артынан чоң ийгиликке жетиштим, өтө кубанычтамын. Буга чейин Түркия, Азербейжан, Россия мамлекеттерине барып, эл аралык турнирлерге катышып, 2-3-орундарды алып келгем. Албетте, дүйнө чемпионатына катышуу үчүн машыктыруучум Алтынбек Салаев экөөбүз көптөгөн эмгектерди жасадык. Бул жеңишке жетишебиз деп биз чоң үмүт менен барганбыз.
Мелдешке чыкканда менин ар бир атаандашым күчтүү экен. Жеңишке жетишүү өтө оор болду. Дүйнөлүк чемнионатка жалпысынан 45 мамлекеттен спортчулар катышышты. Мен беш мамлекеттин спортчулары менен күрөштүм. Биринчи атаандашым Түркмөнстандын спортчусу болду. Андан кийин Щвейцария, Түркия, Азербайжан балбандары менен күрөштүм. Ал эми финалда болсо, германиялык спортчу менен күрөшүп, жеңип, дүйнө чемпиону болдум.
Сага ишенип, дүйнөлүк мелдешке жөнөтүп жаткандан кийин, мойнуңда чоң жоопкерчилик бар экенин сезесиң. Мен да кыргыз элимдин ишеничин актоо үчүн болгон аракетимди жумшадым. Эң негизгиси, элдин ишеничин актадым. Менин жеңишим жалпы кыргыз элимдин кубанычы жана жүзү болду деп ойлойм.
Учурда 20 жаштамын. Спорт менен машыккандан сырткары ЖАМУнун юриспруденция адистигинде 3-курста окуйм. Окууга күндө барам, спорт менен окууну бир алып кеткени аракет кылып жатам. Эми 2020-жылы Токиодо дүйнөлүк Олимпиада болот. Буюрса ошого даярдыктар башталды. Менин бардык ийгиликтерим алдыда деп ишенем.
Жазып алган Бегимжан КАНЫБЕК кызы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20