KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында 120 орундуу “Биздин келечек” балдар бакчасы ачылды

Жалал-Абад шаарында 120 орундуу “Биздин келечек” балдар бакчасы ачылды

Бүгүн, 13-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында 120 орундуу “Биздин келечек” балдар бакчасы ачылып, анын кызыл тасмасын шаар мэри Салайдин Авазов жана “Келечек” ААКнун президенти Келдибек Туманов кесишти.

“Биздин келечек” балдар бакчасынын ачылыш аземине шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана ата-энелер катышты. Шаардык кеңештин депутаты Мирлан Тумановдун демилгеси менен ачылган бала бакча 15 млн сомдун тегерегиндеги каражатка заманбап болуп курулган. Мында тарбияланган жаш бөбөктөргө ар тараптуу билим берүү менен алардын ырга, бийге болгон жөндөмдүүлуктөрүн өркүндөтүүгө ылайыктуу шарттар түзүлгөн.

"Жаңы ачылган бала бакчада балдардын жаш өзгөчөлүгү менен алты топко бөлүнүп, бөбөктөр бир жарым жаштан жети жашка чейин тарбияланат. Аларга англис жана орус тилдери окутулат. Мындан тышкары, дене-тарбия, хореограф, логопед жана башка багыттар боюнча адистер балдар менен  иш алып барышат", - дейт бала бакчанын башкы тарбиячысы Айжамал Жаныбаева.

Жалал-Абад облустук ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Келдибек Туманов бала бакчанын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, акыркы мезгилде өлкөбүздө экономика көтөрүлүп, билим берүү тармагына көбүрөөк көнүл бурулуп жатканына токтолуп кетти.

- Кыргызстанда экономика өнүгүп жатат. Ошол себептен, мектептерге, бала бакчаларга көңүл бурула баштады. Мамлекеттин келечеги балдардын тарбиясына жараша болот. Японияда баланы тарбиялоого аябай көңүл бурулат. Бал эненин курсагында жатканда 4 айдан баштап, балдардын энесине сабак бере баштайт экен. Себеби, энеси аркылуу түзүлүп жаткан баланын энесин окутушат. Биз да эртеңки мамлекетибиздин келечеги болгон балдар бала бакчалардан жакшы тарбия алып башташсын деген ниетте бала бакчаны ачып жатабыз. Мирлан Келдибекович, шаардык кеңештин депутаты өзү демилге көтөрүп, бардык стандартка туура келе турган кылып бала бакчаны ачып жатат. Бул бала бакча элибиз үчүн, шаар үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылсын, - деди К.Туманов.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов да шаар тургундарын бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, бала бакча бүгүнкү күндүн талабына жооп бере тургандай, заманбап курулгандыгын баса белгилеп кетти.

“Бала бакчанын бардык шарттары бар экен. Бишкектеги бала бакчалардай эле шарттар түзүлүптүр. Шаарда 6 менчик бала бакча салык төлөмдөрүнөн бошотулгандан кийин, алар азыркы учурда жакшы иштеп жатышат. Мындан ары шаардын ишкерлери менчик бала бакчаларды, мектептерди курса, биздин келечек муундарга, жаштарга жакшы шарттар түзүлүлөт эле деп ойлойм. Ишкерлерге ар тараптуу шарттарды түзүп, аларга жеңилдиктерди берүүгө жергиликтүү бийлик ар дайым даярбыз”, - деди С.Авазов.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаевдин берген маалыматына караганда, шаарда 22 муниципалдык жана 6 менчик бала бакча бар. Бүгүнкү ачылган бала бакча менен 7 менчик бала бакча болуп калды. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30