"Евровидение-2017" сынагы Киевде өтөт
Эл аралык "Евровидение" сынагы 2017-жылы Киевде өтөт. Бул тууралуу Украинанын Улуттук телекомпаниясынын башкы директору Зураб Аласания билдирди.
Сынактын уюштуруучуларынын чечимин Евровидениенин Берлиндеги Байкоочу кеңешине жакынкы күндөрү тапшырышат. Иш-чара кайсы шаарда өтөрү июлдун аягында эле жарыяланышы керек болчу, бирок ушул убакытка чейин ачыкка чыкпай, создугуп келди. Сынакты өткөрүү сунушу Киев, Днепр, Одесса, Львов, Харьков жана Херсон шаарларынан түшкөн.
Стокгольмдо быйыл 14-майда өткөн сынакта крым-татар тектүү украиналык ырчы жеңишке жетишкен. Жамала Сталиндин башкаруусу учурунда депортацияга туш болгон эли тууралуу “1944” аттуу ырды ырдап чыккан. Экинчи орунду австралиялык Дэми Им багындырса, үчүнчүлүктү орусиялык ырчы Сергей Лазарев алган. Украинада 2005-жылы дагы "Евровидение" сынагы өткөн болчу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29